• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Куткаруучулар 2 жашар бөбөктүн өмүрүн сактап калды

17 Бештин айы 2022 17:35 Бишкек Govori.TV

Бишкекте куткаруучулар 2 жашар наристенин өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 16-декбарь күнү саат 18:00дөр чамасында Бишкектин Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде нөөмөттөн кайтып келе жаткан куткаруу кызматынын унаасы жолдон өтүү кезегин күтүп, токтоп турган маалда келин баласы тилин жутуп, эс учун жоготкондугун айтып, жардам сурап кайрылган.

«Жерине ыкчам түрдө Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 3 куткаруучусу барып, 2 жашар А.Ч. аттуу баланын тилин чыгарып, жасалма дем алдыруу жолу менен дем алышын калыбына келтиришкен»,-деп жазылат маалыматта.

Андан соң, куткаруучулар наристени №3 шаардык балдар ооруканасына жеткиришкен.

Количество просмотров: 392