Бүгүн 143 куткаруучу Ошто сел агызып кетип, дайынсыз болуп жаткан 1985-жылы туулган Б.А аттуу аялды издеп жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 10 топко бөлүнүп, Ош шаарынын борбордук базарынан баштап, Ак-Буура дарыясынын Өзбекстанга чейинки аралыгында издөө ишин жүргүзүшөт.