• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Куткаруучулар сел сууларын тазалап, сел калдыктарын коопсуз жайга чыгарышууда

16 Теке 20248:47 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Ошто селдин кесепеттерин жоюу менен алек. Бүгүнкү күндө сел каптаган турак жайларды тазалоо иштерине 230 куткаруучу тартылып, Кара-Суу районунун Датка, Манас, Мады, Беш-Булак айыл өкмөттөрүндө бөлүнүп иштеп жатышат.

Куткаруучулар кол каражаттары жана 21 даана мотопомпанын жардамында сел сууларды тазалап, сел калдыктары коопсуз жайга чыгарышууда.

Райондук Жарандык коргонуу кызматтары жана ыктыярдуу элдик кошуун тартылып, жергиликтүү тургундарга өз жардамдарын көрсөтү, сел каптаган үй-бүлөлөргө тийешелүү жардамдар берилүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 78