• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыдыралиев: Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча президентке эки долбоор сунушталган

23 Кулжа 202114:54 Бишкек Govori.TV

Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча президентке эки долбоор сунушталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, жумушчу-эксперттик топтун мүчөсү Умбеталы Кыдыралиев билдирди.

«Президенттин буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мамлекет башчыга эки долбоор сунуштады. Анда35 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарынан можаритардык система менен шайланат. Ал эми калган 55 депутат партиялык тизме менен пропорционалдык негизде шайланып келет. Аталган мыйзам долбоорун жакын арада карайбыз»,-деди депутат.

Количество просмотров: 138