Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетин Умбеталы Кыдыралиев жетектеген. Мындай чечим Улуттук олимпиада комитетинин отчеттук-шайлоо конференциясында кабыл алынды.
Уюштуруу комитети билдиргендей, Умбеталы Кыдыралиев УОКтун президенттигине жалгыз талапкер болгон. Буга чейин ал бокс федерациясынын президенти болчу.
Эске салсак, Умбеталы Кыдыралиев Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты, «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген.