Жогорку Кеңештин депутаты Үмбеталы Кыдыралиев «Кыргыз алтын» ААКтын төрагасы болуп дайындалды. Маалыматты депутат өзү Govori.TVга тастыктады.
Маалыматка караганда, Кыдыралиев аталган кызматка Мамлекеттик мүлк фондунун чечиминин негизинде дайындалган.
Кошумчалай кетсек, Умбеталы Кыдыралиев Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Республика — Ата-Журт» партиясы менен депутат болуп келген. 2017-жылы 8-февралда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине мүчө болгон. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында «Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгүн текшере турган депутаттык комиссияга мүчө болгон эле.
Буга чейин «Кыргыз алтынды» Чолпонкулов Маратбек Абжалбекович жетектеп келген.