• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыдыралиев: Жогорку Кеңештин кайра шайлоосу 5-ноябрга чейин өтүшү керек

23 Кулжа 2021 15:23 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин кайра шайлоосу 5-ноябрга чейин өтүшү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, жумушчу-эксперттик топтун мүчөсү Умбеталы Кыдыралиев билдирди.

«Жаңы баш мыйзамда бардык нормалар так жазылган. Жогорку Кеңеш менен Министрлер кабинети бардык мыйзамдарды алты айдын ичинде Баш мыйзамга ылайык келтирүү керек. ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзам долбоору жакынкы арада кабыл алынышы мүмкүн. Анын негизинде парламенттин кайра шайлоосу 5-ноябрга чейин өтүшү керек»,-деди депутат.

Количество просмотров: 155