Кыргыз менен казактар гиннес китебине мелдеш уюштуруп жатабы?
Кыргыз менен казактар гиннес китебине мелдеш уюштуруп жатабы?
14 Жалган куран 201813:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.03. 2018.Govori.TV
Казактар Нооруз майрамына карата Гиннес рекорддор китебине киргизүү үчүн 25 миң метр 500 квты түзгөн курак курап рекорд коюну пландап жатышат. Бул туурасында Казакстандын ЖМКлары жазып чыгышты.
Маалыматта «Нооруз майрамына карата эң узун 25 миң метр 500 квтык курак курап гиннестин рекорд китебине каттатуу аракети көрүлүүдө» деп жазылат.
Эске сала кетсек, Бишкекте 5-март Ак калпак күнүнө карата 9 жылкы союлуп 1464 килограммдык бешбармак жана 117 метрди түзгөн чучук бышырылып Гиннестин китебине каттоочу уюмга жөнөтүлгөн.
Мындай жаңылыктан кийин Кыргыз менен казактар Гиннес китебине улуттук баалулктарды каттатуу үчүн мелдеш уюштуруп жатабы деген ой келет.