• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Кыргыз-тажик чек арачылары бири-бирин күнөөлөштү…

14 Бирдин айы 2018 8:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.02.2018. Govori.TV
Кыргы-тажик чек арачылары 8-февралда Баткендин “Кулунду”, “Кайрагач” авто өткөрүү бекеттериндеги жана Сай айылындагы окуя боюнча бири-бирин күнөөлөштү. Бул тууралуу Крын Чек ара кызматынын билдирүүсүнөн кийин белгилүү болду.
Тажикстндын Чек ара кызматынын маалымат-борбору Кыргызстандык чек арачылар мурдагы келишимдерди бузуу менен Сада каналынын үстүнө көпүрөө куруп, ал курулушчуларды 60-70 аскер кайтарыкка алганын мыйзамсыз деп билдирүү тараткан. “Буга карабастан, биз аскерлердин санын көбөйтпөстөн кыргыз атарп менен сүйлөшүүгө аракет кылдык. Бирок, ушундай жолугушуулардын биринде кыргыз чек арачылары тажик чекарачыларына тийиштүү унаага зыян келтирген”,-деп айтылат коңшулаштардын билдирүүсүндө.
Албетте, алардын бул билдирүүсү чындыкка коошпой турганын КРнын чек ара кызматы дароо жарыя кылды. “Биз тажик тараптын Сада каналы аркылуу көпүрөө курууга карата мамилесине абдан таң калып жатабыз. Кыргыз тарап көпүрө курууга аргасыз болгон.  Анткени, биз Тажистандык чек арачыларынын жетекчилигине бир канча жолу кайрылып,  көпүрө куруу боюнча бир чечимге келүү суранычтарыбыз жоопсуз калган. Ал эми 8-февралда болсо Тажикстандын улуттук оопсуздук комитетинин  Чек ара аскерлери келишимдерди бузуу менен кыргыз-тажик  чек ара өткөөлдөрүн бир тараптуу жапкан. Аларга жооп кылып, биздин чек арачыларда токтоолук менен аракеттерди көргөнбүз”,-дейт КРнын чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева.
Ошондой эле 8-февралдагы жолугушууда кыргыз чек арачылары коңшулардын унаасына эч кандай зыян келтирбегенин, Сай айылына өтүүсү өткөөлдү тажик тарап тосуп  алгандыктан  чек арачылар эч кандай техника колдонбостон эле унааны кол менен ордунан жылдырып, жолу ачканын кошумчалап, “бул боюнча интернетке тараган видео тасма деле чындыкты айтып турат”,-деп кошумчалады.
Ошону менен 8-февралдагы чек арадагы келишпестик боюнча эч бир тарап жоопкер болбой, суроо ачык бойдон калды.
Количество просмотров: 31