• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кыргызстан боюнча сасык тумоо Чүйдө көбүрөөк адамды жыкты

19 Бештин айы 201711:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.12.2017. Govori.TV

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык гриппке чалдыккандар 2018-жылдын январынан баштап көбөйөт. Бул тууралуу, оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидемстанциясынан кабарлашты.

Адистер 2018-жылдын январь айында оору күчөйт деп божомолдоп жатышат. Бирок былтыркыга салыштырмалуу ооругандар 4,8 эсеге азайганы да айтылат.

Кыргызстанда, сасык тумоого чалдыккандар декабрда көбөйдү. Айрыкча, Чүй жана Баткен облусунда көп.Чүйдө 1244 адам ооруса, Баткенде 585 адам сасык тумоого чалдыкты.

Эпидемияга кабылгандардын басымдуусу 14кө чыга элек балдар. Алар жалпы ооругандардын 70 пайызын түзөт.

Грипптин табиятын аныктоо үчүн Бишкек шаардык, Кара-Суу, Ысык-Ата райондук ооруканаларына реактивдик вирусологиялык лабораториялар уюштурулду.

300 медициналык кызматкерге тумоологон адамдар менен иштөө эрежелери үйрөтүлдү.

Количество просмотров: 22