Казакстанда өрчүп жаткан менингит оорусу Кыргызстанга коркунуч жаратпайт. Мындай пикирди Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын даарыгери Зуура Керимбекова Govori.TV, агенттигине билдирди.
«Менингит — мээ жана жүлүн кабыкчасынын сезгенүүсү. Менингитти бактерия, вирустар жана башкалар козгойт. Илдет организмде өз алдынча же башка бир оорунун таасири астында пайда болушу ыктымал. Көбүнчө оорулуу же козгогуч алып жүрүүчүдөн жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, өбүшкөндө жугат. Адатта дем алуу жолдору суукка урунган адамдар тез жугузуп алат.Оору кыш, жаз, күз мезгилинде көп кездешет. Көбүнчө менингит менен балдар ооруйт. Оору козгогуч жуккандан кийин 1—4 күнгө чейин билинбей капысынан башталат. Эти ысыйт (38—40° чейин), башы ооруп, кусат. Жарыкты көргүсү келбейт, ызы-чууну сүйбөйт. Оор түрүндө кежигеси, буттары тартылат. Өңү бозоруп, эрини, анын тегереги көгөрөт, тез-тез дем алат, тамак ичпейт, бирок суусайт. Жаш балдар эмчекти начар эмет, кусат. Бала чыргоолонуп, чыңырып ыйлайт. Жалпы абалы начарлап, алы кетет, аң-сезими тумандайт. Бирок менингит бардык учурда эле мындай катуу кармабайт,- деди даарыгер Зуура Керимбекова
Саламаттык сактоо министрлигинин статистикасына таянсак, менингит менен ооругандардын 70 пайызга жакынын 14 жашка чейинки балдар түзөт.
Белгилеп кетсек, Казакстанда аталган оору күч алып, 130дан ашык адам ооруканага жаткырылды. Жыл башынан менингиттен 13 адам көз жумду, алардын бешөө балдар.