• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ноокенде шектүү кыйноого кабылганы айтылды

18 Жетинин айы 2022 10:23 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусундагы Ноокен райондук ички иштер бөлүмүндө шектүү милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынып, кыйноого кабылган. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти.

Шектүүнүн айтымында, ал 10-ноябрда РИИБге алынып келинип, сурак берген жана ал адам өлтүрүү фактысы боюнча коюлган айыпты моюнуна алган. Башка кылмыштарды жасагандыгын моюнга алуу үчүн аны эки күн таяк менен сабап, 12-ноябрда убактылуу кармоочу жайга камашкан.

Аталган борбордун кызматкерлери ур-токмоктун тактарын сүрөткө тартып, кыйноо боюнча арыз жазышкан. Шектүүнүн денесиндеги зомбулуктун тактары боюнча медициналык экспертиза жүргүзүлүшү үчүн Стамбул протоколун толтуруп, тез жардам кызматын чакырышкан. Бирок ошол маалда өлтүрүлгөн кыздын жакындары имаратка келип, аталган борбордун кызматкерлеринен текшерүүнү токтотууну талап кылып, аларга карата коркутуулар болгон. Жеке коопсуздук маселелеринен улам аталган борбордун кызматкерлери жана келген дарыгерлер убактылуу кармоочу жайдан чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

Окуяны териштирүү үчүн 17-ноябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө барган. Бирок милиция аны жана “Тез жардамдын” кызматкерлерин шектүүгө жолуктурган эмес.

Бул боюнча райондук милиция азырынча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 140