• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыйноолорго каршы борбор абактагы активисттерди ачкачылык акциясынан баш тартууга чакырышкан…

19 Бештин айы 2022 13:23 Бишкек Govori.TV

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери СИЗО-1ге профилактикалык иш сапары менен барып, Орозай Нарматова, Перизат Суранова жана Али Шабдан менен жолугушуп, баарлашты. Бул тууралуу аталган мекеме тараткан маалыматта айтылат.

Кабарлангандай, сүйлөшүү учурунда Улуттук борбордун директору аларды ачкачылыкты токтотууга көндүрүүгө аракет кылган, бирок андан баш тартышкан.

«Улуттук борбор Орозайм Нарматова менен Перизат Суранованын абалына тынчсызданып, Жаза аткаруу кызматынан алардын ооруканага жаткырылышына көмөк көрсөтүүнү, медициналык көзөмөлдү күчөтүүнү суранат», — деди Улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков.

Эске салсак, 17-декабрда бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча козголгон кылмыш иши боюнча кармалгандардын ондон ашыгы ачкачылык жарыялашкан.

Количество просмотров: 155