• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыйын: Айылда туруп, ааламды багындыргандар

12 Жалган куран 2024 18:03 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында онунчу тренинг уюштуруп, өлкөнүн булуң-бурчунан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер келди.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат. 

Аймактардан келген айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде «Айылда туруп, ааламды багындыргандар» деген тема талкууланат.

Катышуучулар: Астра Жээналиева — Үч-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты;
Салтанат Тургунбекова — жеке ишкер; Чолпон Шабдыраева — ‘Репетитор ZA+’ онлайн борборунун жетекчиси.

Модератор: Замира Кожобаева.

Количество просмотров: 734