Кыз ала качуу Кыргызстанда дагы деле токтобой келет. Өлкөдө акыркы жылдары ала качуунун арты өлүм менен аяктаган учурлар көп катталууда. Ала качууда аялдардын укугу одоно бузулууда. Бүгүн «Кыйын» ток-шоусунда «Ала качуу кыз кыялын талкалайт» темасы талкууланат.
Катышуучулар: Ысык-Көл облусуна караштуу Октябрь айылдык кеңешинин депутаты Кыял Асаналиева, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын мугалими Гульбара Сапаралиева.