“GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренингин өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан келген 17 айым катышты. Катышуучулардын арасында мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, ишкерлер бар.
Аймактардан келген алдыңкы айымдар «Кыйын» аталышындагы телевизиондук ток-шоусунда өлкөдөгү орчундуу көйгөйлөрдү талкуулашты. Бүгүнкү чыгарылышта «Кыргызстанда зордук-зомбулукту качан жана ким токтотот?» деген тема талкууланат.
Катышуучулар: Эльмира Султанбаева – Ак-Чий айылдык кеңешинин депутаты; Венера Кудабаева – Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин депутаты.
Модераторлор: Аскер Сакыбаева, Кайыргуль Урумканова.