• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кылмышты аялдар эле жасагандай… Медиадагы гендердик оптика кандай абалда?

22 Жетинин айы 2023 17:54 Бишкек Govori.TV

“Ошто айдоочулук күбөлүгү жок аял окуучуларды сүзүп кетип, бири каза  болду” – мындай аталыштагы маалымат 12-октябрда 10го чукул сайттарда жарыяланды. Арасында беделдүү катталуучулары бар бир канча миңдеп саналган аттуу-баштуу маалымат каражаттары да бар.

Бул бир күндө эле бир темага байланган учур эмес. Кыргызстандагы маалымат сайттарында кылмыш-кырсык окуяларына аял-кыздар себепкер болуп калса, анын жынысына басым жасоо адатка айланган.

Бирок, жол кырсыгына байланган башка окуяларда унаалар кагышканы же кайсы бир унаанын айдоочусу кырсыкка учураганын жазышат. Мен маалымат каражаттарын түрө кыдырып бир дагы сайтта “эркек айдоочу” деген сөздү таба алган жокмун.

Деген менен Ош шаардык кайгуул милициясынын маалыматына караганда, 2023-жылдын 9 ай ичинде шаарда 254 жол кырсыгы катталса, анын 31не гана аялдар себепкер болгон. Калган учурда себепкер айдоочулар эркектер.

Медиа каражаттары видеоматериалдардын аталышына да аялдарды тасманын негизги фигуранты катары көрсөтүүнү каалашат. Адатта аялдар аралашкан ар бир окуяга көбүрөөк басым жасалып, узагыраак убакыт берилет.

Маселен “7 каналдагы” кылмыш-кырсык окуяларын чагылдырган “Сирена рейд” берүүсү  “Качып, партаны колу менен чаап, куру доомат тагып, жоругун көрсөткөн айдоочулар” деген аталышта 15 мүнөттүк берүү жасап, анын 10 мүнөтүн эки аялдын жакынын укугун талашкан ызы-чуусуна бөлгөн. Ал эми ошол эле чыгарылышта мас абалда колго түшкөн айдоочуну 5 мүнөт эч кандай түшүндүрмөсү жок эле чагылдырган. Болбосо аялдардын кыйкырыгынан караганда, мас абалында унаа башкаруу чоң кылмыш катары кабыл алынат.

Ушул эле программанын дагы бир чыгарылышы “Ажылдап уруш кылган аял” деп аталган.  Программанын ичинде болсо ал аял эч кандай жол эрежесин бузган эмес. Техникалык паспорту жок унаа айдаган күйөөсүн коргоого аракет кылган. 19 мүнөттүк берүүнүн дээрлик 13 мүнөтүн аялдын жүрүм-турумуна бөлүп, айнеги караңгылатылган башка  унааны 6 мүнөт чагылдырган. Анын айдоочусунун жүзүн да көрсөткөн эмес.

Башка мисал, мурдагы “Ынтымак” телеканалы, азыркы “УТРК Ош” телеканалындагы  “Телерейд” берүүсү. “Мыйзам бузуп, мыйзамдашкан айдоочулар” берүүсүндө мас абалда унаа башкарган эки окуя баяндалган. Жол кайгуул кызматкерлеринин колуна түшкөн биринчи унаада эркек, экинчи унаада эки аял болгон. 28 мүнөттүк берүүдө эркек айдоочунун окуясы 9 мүнөт чагылдырылып, ошондой эле эреже бузган аял окуясын айтууга 19 мүнөттөй убакыт берилген.

Ал эми “Бир түнгө кызмат көрсөткөн батирге келген секелектер” деген аталыштагы 20 мүнөттүк берүүдө 30 секунд гана “секелектер” тууралуу кеп болгон. Ушул эле берүүдө  патрулдук милициясына эреже бузуп колго түшкөн 5-6 жаран бар. Алардын окуясы салыштырмалуу узак баяндалган. Бирок эмнегедир чыгарылыштын аталышы кыздарга байланыштырылып коюлган.

Өлкөдөгү эң ири делген УТРКда деле абал ушундай. Бул телеканалдагы “Телекүзөт” берүүсү жакында “Саунадагы түнкү көпөлөктөр” деген аталышта чыгарылышты Ютуб баракчасына жүктөдү. 10 мүнөттүк видеонун 7-мүнөтүнө чейин түнкү көпөлөктөр баяндалып, калган 3 мүнөтүндө уюшкан кылмыштуу топтор, мыйзамсыз чек арадан өткөн товарлар сыяктуу олуттуу мыйзам бузуулар кыска баяндалган.

 “Эже-сиңдинин жоругу: МАС абалындагы АЙДООЧУ аял” деп аталган чыгарылышта да  аялдардын ичимдик ичип алып жол эрежесин бузганы, канча айып пулга жыгылганына караганда алардын “аялдык” жүрүм-туруму журналист тарабынан көбүрөөк сынга алынган.

Айта берсе мындай мисалдар ондоп, балким жүздөп саналат. Башка телеканалдардагы кылмыш-кырсык окуяларын чагылдырган берүүлөрдө деле окшош көрүнүш. Албетте,  мындай тариздеги берүүлөр салыштырмалуу көп (100-200-500 миңден ашык) көрүмдүүлүк алат. Көрүүчүлөр бөлүшүп, пикир калтырышат. Бул маалымат каражаттарынын популярдуулугун арттырат.

Эл аралык журналистикада, же журналистиканын чыгыны принциптеринде кылмышка шектүүнүн, айыпталуучунун жынысы маанилүү эмес. Аны бардык жыныстагы адамдар жасай бериши мүмкүн. Тагыраагы кылмыш жыныс тандабайт.

Мен Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын тескөөчүсү Адинай Шаршеевадан эмне үчүн пресс-релиз таркатканда шектүүнүн аял экендигине басым жасалып, а бирок, эркек киши экендиги белгиленбейт деген суроо узаттым. Ал министрликте гендердик бөлүнүүчүлүк жок экендигин, болгону маалыматты орусча таркатып анан аны кыргызчага которгондо аял кишилерди өзгөчө бөлүп берүүгө туура келээрин айтты.

Биринчиден, анын баарын ички иштер министрлиги таркатпайт. Бизде ар бир облуста, Ош шаарында жана Бишкектин төрт районунда  өзүнүн басма сөз катчылары бар. Орусча пресс-релиз жазылганда  сөзсүз түрдө  “житель” жана “жительница” болуп,  же  “гражданин” жана “гражданка” деп жазылып калат. Кыргызчада “жаран” деп эле аталып калат экен. Ошон үчүн биз кашаанын ичине аял деп жазып коебуз, анткени “жаран” дегенде баары эркек киши экен деп түшүнүп калышат. Жабырлануучу болсо да ошондой  жазабыз. Аял киши деп бөлүп жаруу болгон эмес жана болбойт дагы”.

Гендердик оптиканын  жоктугубу же журналисттер дагы элге “түшүнүктүү болсун” дешеби, айтоор маалымат катчылар таркаткан пресс-релиздер көп учурда эч өзгөрүүсүз сайттардын бетине жайгаштырылат.

Журналист Нурлан Адаев бул көрүнүштү стреотип менен окурман тартуу аракетинин айкалышы катары баалайт.

“Себептердин бири деп, көп кесиптештерибиз үчүн азыр окурман-көрүүчүнүн назарын буруу негизги маселе болуп жатканын айтсак болот. Мисалы, “Ошто баңгизат саткан жаран кармалды” деген тема менен жаңылык жазылса, эл ага көңүл деле бурбайт. Эгерде “Баңгизат сатып жүргөн 4 баланын энеси кармалды” десе, сенсация сымал болуп калат. ММКлардын кээлери азыр мындай ыкма менен өздөрүнө аудиторияны тартып калышты”, — дейт ал.

“Азаттык Медианын” журналисти Гүлжан Эшбаева түрдүү долбоорлордо гендердик сезимталдуулук, кастык тили боюнча тренер болуп катышат. Ал гендердик оптикасы начар өрчүгөн журналисттер гана жарандарды аял, эркекке бөлүп, анын жынысына басым жасап маалымат таркатат деп эсептейт. Сынчыл ой жүгүртүүнүн жоктугу – бир ыргакка түшкөн, анализденбеген, такталбаган, коендой окшош маалыматтардын топтолушуна шарт түзөт. Ошондуктан коомдо гендердик сезимталдыкты ойготуу үчүн алгач журналисттер өздөрү ой жүгүртүүсүнүн үстүнөн иштеши зарыл дейт Эшбаева:  

“Байкоомдо гендердик сезимталдуулукту жакшы колдонгон саналуу эле редакциялар бар. Биздин коомдо аял менен эркекти ар кайсы ролдорго бөлүп кароо бул көнүмүш эле адат. Ушундан улам гендердик стереотиптер пайда болот. Айрым журналистер өздөрү билип билбеген абалда гендердик стреотиптердин колдонулушуна көнө түшкөн, анан ошону жазып жатышат”.

Оштогу зомбулук көргөн аялдарга юридикалык, психологияык жактан жардам берип келген “Ак-Жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова айрым журналисттердин аша чапкан маалыматтарынан улам аялдардын жабыр тартып калганын көп эле көргөнүн айтты. Ал бул айрым журналисттердин өз ишине кайдыгер мамиле кылгандыгы деп баалайт:

“Жалпы журналисттерге бирдей баа бере албайм. Бирок баары эле гендердик жактан сезимтал эмес. Ким биринчи маалымат чыгарса, ошол ММКнын пикири чоң роль ойноп  жатат. Калгандары ошого таянып эле маалыматты таркатып коюшат. Маалымат таркатууда кайдыгер эле мамиле кылып коюшат. Айрым учурларда коомчулукка  “бышпаган” маалымат чыгарышат. Журналисттер адамдын тагдыры менен ойнобош керек”.

Кыргыздарда эзелтен аял менен эркектин орду экиге бөлүнүп келген. Аялдардын орду ашыкча идеалдаштырылып, “аял киши ката кетирбеш керек”, “аял адашпаш керек” деген сыяктуу талаптар менен катар оголе чоң жоопкерчилик артылган. Коомдо “Аял жакшы – эр жакшы, вазир жакшы – хан жакшы” деген макалды колдонуу менен эркек туура эмес иш жасаса да аялдан көргөн адат калыптанган. Аялдарга байланыштуу даталуу күндөрү “аялдар менен эркектер тең укуктуу”, “аялдарга карата зомбулукту токтоткула” деген сыяктуу чакырыктар айтылып келген менен иш жүзүндө аялдарга болгон психологиялык, физикалык, моралдык зомбулук уланып эле келе жатат.   

Албетте, 2-3-күндүк окутуулар, айрым учурда уюштурула калчу митингдер адамдын аң сезимине сиңип, каны менен тең айланган түшүнүктү жокко чыгарып жибербейт. Мындайда маалымат каражаттардын жана журналисттердин кыраакы болгону жакшы. Ар бир маалыматты жарыялоодо анын коомго тийгизген пайда-зыянын дыкат анализдеп,  объективдүү чагылдыруу журналистиканын негизги принциптеринин бири. Анан калса чар-жайыт маалыматтарга жыш толгон азыркы заманда кандайдыр бир агрессивдүү көз караштардын калыптанышына себепчи болуп калуудан карманыш керек.

Көпчүлүктүн көңүлүн буруу, маалыматты мүмкүн болушунча эрте таратуу, аудиториянын санын көбөйтүү аракети ансыз да гендердик маселе кайчы пикирди жаратып келген кыргыз коомчулугунда маселени ого бетер күчөтүп жибериши толук ыктымал. Анткени кыргыз коомчулугу 100 пайыз медиасабаттуу деп айта албайбыз. Андыктан биз, журналисттер, аялдардын коомдо жек көрүндү болушуна себепкер болбойбу. Ошондо гана эл ичинде гендердик сезимталдыктын агартуучулук ишин жасаганга негиз боло алабыз.

Автор: Кенжебү Маматсадыкова.

Бул макаланы Кыргыз Республикасындагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун алкагында «Медиасын» жанрын өнүктүрүү боюнча программанын катышуучусу даярдаган.

Количество просмотров: 281