• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кылычбек Саркарбаев үй камагына чыкты

17 Үчтүн айы 2021 10:56 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотуна шилтеме берип, «Марал» жазды.

Буга чейин Ош шаардык сотунун судьясы Саркарбаевди 2021-жылдын 16-февралына чейин УКМКнын Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайына камакка алган. Ал УКМКнын тергөө органдары тарабынан «Башка кылмышты жашыруу же анын жасалышына көмөктөшүү максатында жасалган документтерди жасалмалоо» беренеси боюнча айыпталган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 1987-жылы 20-январда туулган Кыргызстандын жараны Кылычбек Саркарбаевге берилген паспорттун жасалма экендигин аныктаган.

Ал буга чейин Кылыч Сулайманов деген ат менен жүргөн. Сулайманов болуп турган кезинде уюшкан кылмыштуу топтун лидери «Женго» (Кадыр Досонов) менен тыгыз мамиледе болгон. 2006-жылдын июнь айында уурдоо фактысынын негизинде Ош шаардык сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылып, 1 жылга шарттуу эркинен ажыратылган.

Аталган фактыны жашыруу максатында фамилиясын өзгөртүп, Кылыч Саркарбаев ысымы менен жалпы жарандык паспорт алган. Жасалма документтин негизинде жумушка орношуп, Ош шаарынын мэриясында дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы болуп иштеген. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча Кылыч Саркарбаев кармалган болчу.

Количество просмотров: 385