• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Саркарбаевге колун өптүргөн Райымбек Матраимовдун видеосу тарады

1 Бугу 2023 11:44 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун колун Ош мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин мурдагы жетекчиси Кылычбек Саркарбаев өпкөн видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Тасма тойдон тартылганын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, Кылыч Саркарбаев паспортун жасалмалаган жана криминалдык иштерге аралашкан деген кине менен 2020-жылдын  27-декабрында кармалган.

УКМКнын маалыматына караганда, ал «Дженго» каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов менен жакын мамиледе болгон.

Бул окуяга байланыштуу ал Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси кызматынан бошотулган.

Саркарбаев жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышканы маалым.

Ал эми Райымбек Матраимов 2020-жылдын 20-октябрында Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупция фактылары боюнча кармалган.

УКМК Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген. Кийинчерээк Матраимов белгиленген сумманы төлөп бүткөнү жарыяланган.

Количество просмотров: 1094