• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Кымбат баалуу унааларды мыйзамсыз каттоо. Мамлекеттик кызматкер зыяндын ордун толтурду

28 Чын куран 2021 16:55 Бишкек Govori.TV

Кымбат баалуу автоунааларды мыйзамсыз каттоо фактысы боюнча, «Унаа» МККнын аймактык секторунун башчысы мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүшкө катталган материалдын алкагында, Абхазия Республикасынан айдалып келип бажы декларациясынан өтпөгөн кымбат баалуу автоунааларды мыйзамсыз каттоонун коррупциялык схемасы аныкталып ал ишке бөгөт коюлган.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, болжол менен Россия Федерациясынан транзиттик каттоо документтеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын техникалык паспорттору жана мамлекеттик номурлары берилген эки «Лексус GX» унаасы катталгандыгы аныкталган, мындан улам, мамлекетке бажы алымдарын төлөөдөн 3 миллион сомдон ашык өлчөмдөгү чыгым түрүндө зыян келтирилген.

«УКМК жүргүзгөн иштердин жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Мамлекеттик каттоо кызматынын “Унаа” мамлекеттик мекемесинин регионалдык сектор башчысы “ОМА” тарабынан кымбат баалуу автоунааларды мыйзамсыз каттоодон өткөргөндүгү үчүн мамлекеттин пайдасына 3 миллион сомдон ашык суммадагы зыяндын орду толтурулду. Келтирилген зыяндын ордун толтурууга байланыштуу, «OMA.» үй камагына чыгаруу туралуу баш коргоо чарасы өзгөртүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 234