• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кырчын жайлоосунда баткендик килемдер 30 миң сомдон кем эмес сатылды

4 Аяк оона 2018 22:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.09.2018.Govori.TV.

Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан III дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көчмөн калкы колдонгон баардык буюмдар коюлган. Көчмөн турмушунун негизги элементи болгон боз үйдөн 1000ге жакыны тигилип,көргөн адамдын көз жоосун алат.

Оюн өткөрүлүп жаткан жерден баардык керектүү буюмдарды табууга жана көрүүгө болот. Анткени атайын туристтер үчүн, же жөн эле барган коноктор үчүн атайын «Этно базар» ачылган. Кол менен жасалган буюмдар сөзсүз түрдө бааланат эмеспи. Аны сыңары Баткен облусу өздөрүнүн даңазалуу килемдери менен көргөзмөнүн көркүн ачканын көрүүгө болот. Алар килемдерди жөн эле салттуу килем көчөттөрүнөн сокпостон, килем бетине ажолорду жана белгилүү адамдардын сөөлөкөттөрүн түшүрүп согушкан.
Баткенден келген Досава Саадат эже килемдерди жасоодо көп түйшүк жана иш аракет талап кылганын айтат. Ошондуктан Баткендин бул килемдерин алар 30миң сомго баалап жатышат.

«Биз килемдерге кеңешип ушул кишилердин сүрөтүн түшүрүүнү чечтик. Анткени бул адамдар биздин Кыргызстандын эң таасирдүү адамдары. Жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн анын 90 жылдыгынын урматына түшүрдүк»,-дейт Досава Саадат.

Килемдерге КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Турциянын президенти Ражеп Тайып Эрдоган, Россия федерациясынын президенти Владимир Путин жана Премьер министр Мухаммедкалый Абылгазыев, КРнын вице премьер министри Кубатбек Боронов, экс министр Алтынбек Максүтов, залкарлардан Чыңгыз Айтматов менен Исхак Разаковдун сүрөттөрү түшүрүлүп, шөкөттөлүп согулган.

Количество просмотров: 32