• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түз эфир: Кырчын жайлоосунда чыныгы үйлөнүү той кыргыздын салты менен өтүүдө

4 Аяк оона 2018 15:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.09.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 4-сентябрь саат 14:00дө Кырчын жайлоосунда “Кийиз Дүйнө” коомдук фонду кыргыздын келин алуу салтын чагылдырат.
Анда чыныгы салттык үйлөнүү тоюн көрсөтүү менен Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын координатору Союзбек Надырбеков Айжаркын аттуу сүйүктүүсүнө баш кошуп жатканы белгилүү болду.
Союзбек Надырбеков — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын мүчөсү. Ал аталган оюндардын илимий, инфраструктура жана ыктыярчылар кыймылы багыты боюнча иш алып барат. Ага  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө үйлөнүүнү оюндун уюштуруучулар тобу сунушташкан.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=1145510788921730&set=a.350466885092795&type=3

https://www.facebook.com/murat.soorbekov/videos/1145470052259137/UzpfSTEwMDAwMzg4NDYwNjA4MTpWSzoxMTQ1NDcwMDUyMjU5MTM3/

Көчмөн кыргыздардын бойго жеткен балдарына колукту алып берүү – “Келин алуу” салты деп аталып, азыркы үйлөнүү тоюн элестетет.
Ата-бабалардын салтын улай уюштурулган келин алуу тоюнда үрп-адаттар, жаш жубайларга болгон ырым-жырымдар колдонушууда.
Көшөгө тартуу, келиндин чачын экиге бөлүп өрүү, элечек ороо, жоолук салуу, чачыла чачуу, келин көрүү,өкүл ата, өкүл эне коюу, отко киргизүү сыяктуу салттар өтө шаңдуу ыр-күү менен коштолуп, көрүүчүлөрдүн жана коноктордун жарпын жазып, көңүлүн көтөрүлүүдө.
Количество просмотров: 57