• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Кырдаалды жөнгө салуу үчүн Түлеев Жээнбеков жана Жапаров менен жолуккан

12 Тогуздун айы 202022:44 Бишкек Govori.TV

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев кечээ президент Жээнбеков жана Садыр Жапаров менен жолуккан. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-октябрда Фейсбук баракчасына жазды.

Түлеев өз билдирүүсүндө, ал жана анын командасы элдик кошуундун курамында болуп, 6 күн борбор калаада күзөттө турганынын жана ошондой эле кечээ президент менен жолугушканын жазган.

“Кечээ мен президент менен жолугушуу өткөрдүм, тараптарды кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу максатында Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен жолугушуу болду. Бардык тараптар бир пикирге келүү үчүн колумдан келгендин бардыгын жасайм.

Мен партияларга баа берүүдөн кармандым, бирок эми “чимкирик” чакырылыштын депутаттары башаламандыкты алып келүүдө деп айтууга тийишмин.

Силерди парламентке “шофер” алып келген, эл үчүн эч нерсе кылбай жылдап отурдуңар, элдин пикирине түкүрүп, тынчтык митингдерине бир нече жолу себеп болдуңар. Эми кайрадан бийликке умтулдуңар. Эл буга чыдай алган жок. Силер эч жакка кийлигишпей, жөн гана үйдө отурушуңар керек эле. “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан”, суранам, тынч эле отургула” – деди ал.

https://www.facebook.com/674664572623798/posts/3308822685874627/
Количество просмотров: 287