• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Кыргыз балбандары Казакстандагы күрөш боюнча эл аралык рейтингдик мелдешинде күчүн сынайт

3 Кулжа 2022 9:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-июнда Кыргызстандык төрт балбан Казакстандагы күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдешинде күчүн сынайт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өтүп, балбандар кыз-келиндер арасында, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашууда.

Кармашуулар Бишкек убактысы менен саат 10:30да башталып, төмөнкү балбандар килем үстүнө чыгат:
Айпери Медет кызы – 76 кг;
Ильяс Ренат уулу – 77 кг;
Калидин Асыкеев – 82 кг;
Акжол Махмудов – 82 кг.

Количество просмотров: 81