• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кыргыз — казак алакасы жаңы дем менен уланат

26 Бугу 2022 19:12 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Жолугушуулар өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын алдында президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен өтүп жатат. Эки өлкөнүн президенттери чакан чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, келечегин талкуулашты.

Белгилей кетсек, өлкөдө өтуп жаткан Евразия экономикалык кеңешинин алкагында бир катар иш-чаралар уюштурулуп жатат. Алардын бири кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин жыйыны. Кыргызстандын соода өнөр жай палатасы, Казакстандын тышкы соода палатасы менен биргеликте уюштурган ишкерлер кеңешинин максаты эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана бекемдөө.

Кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин тең төрагасы, «КАЗ Минералз Бозумчак» компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеев жакынкы жылдары Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү тапшырмасын мамлекет башчылары бергенин баса белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Негизги коюлган тапшырмалардын бири кыргыз-казак кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгаруу. Анткени бизди көп нерсе байланыштырат. Андан тышкары, чек араларыбыз да чектешет. Кыргыз-казак бир тууган эл болуп саналат. Эки өлкө ортосундагы карым-катнашты жаңылап, алдыга карай багыт алууну таза барактан баштоо керек. Бүгүнкү күндө соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиард долларды түзөт. Аны эки эсе көбөйтүү тапшырмасы президенттер тарабынан коюлган»,-деди ал.

Кыргыз-казак кызматташтыгы кандай темп менен өнүгүп келе жатат? деген суроого Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков жооп берип, эң башкысы эки өлкө ортосундагы жүк өткөрүү маселесин чечүү керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан менен Казакстан жаңы келишимдерди түзүү менен өнөктөштүк мамилелерди жакшыртуусу керек.

Эки мамлекет саясий-экономикалык алакалардан тышкары маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөнүн аракетинде. Кыргыз-казак маданиятын даңазалаган бир катар иштер аткарылган. Алсак, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Абай атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачылган.

Борбордун ачылышына Кыргыз Республикасындагы Казакстан Республикасынын элчилиги жана Кыргызстандагы казактардын Ассоциациясы КАЗ Минералз Бозумчак» компаниясынын салым кошкон.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 15-октябрында түзүлгөн. Эгемендүүлүк жылдарында эки мамлекет бир нече келишимдерге кол коюшкан, алардын ичинен эң маанилүүсү Түбөлүк достук келишими жана 2003-жыл 25-декабрдагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишим. Бүгүн дагы Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 10го жакын документке кол коюлду.

Количество просмотров: 128