• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топтору жолукту

9 Баш оона 202116:35 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу 4-9-августта Душанбе шаарында достук маанайда өткөн.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду. Кезектеги жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөт.

Количество просмотров: 252