• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү

16 Теке 2019 12:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.07.2019.Govori.TV.

​Тажикстан Республикасынын Исфара шаарында мамлекеттик чек аранын калган участокторунун сызыгын чийүүнү тездетүү үчүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Мамлекеттик чек аранын сызыгын жумушчу түрдө чийишип, кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасынын калган участокторунун сызыгын чийүү боюнча сунуштарды талкуулашты.

Жолугушууда Баткен облусунун Баткен районундагы айрым Мамлекеттик чек ара участокторун биргелешип талаада текшерүү өткөрүү жөнүндө макулдашылды. Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүү жана достук маанайда өттү.

Кийинки жолугушуу Тажикстан Республикасынын аймагында пландаштырылган.

Количество просмотров: 15