• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргыз-тажик парламенттеринин спикерлери жолукту

23 Аяк оона 2019 18:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүндөгү парламент төрагаларынын IV отурумунун алкагында Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Шукуржон Зухуров менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Төрага Дастанбек Жумабеков Кыргызстан Тажикстан менен болгон ар тараптуу кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин билдирди.

«Кыргыз-тажик парламенттеринин эң башкы милдеттеринин бири – тарыхый байланышы терең эки элдин бабалардан калган достук мамилесин бекемдөө болуп саналат», – деди Жумабеков.

Ал эми «Тарыхый миссияны улантууну талап кылган кыргыз-тажик жакын коңшулук мамилеси тууралуу эскербей кете албайм” – деген Шукуржон Зухуров, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө боло турган чек ара маселесин тездетип чечүү керектигин белгиледи.

Кошумчалай кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Махабат Мавлянова, Урмат Самаев, Алмаз Жутанов жана Нодирбек Каримов катышты.

Количество просмотров: 60