• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Кыргыз-тажик президенттери жолугушту

29 Кулжа 2021 9:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 28-июнь күнү кечинде бейрасмий жолугушуусу болду. Бул тууралуу тажик президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, жолугушуу шаар четиндеги “Бахор” резиденциясында өткөн.

Садыр Жапаров Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына 28-июнда расмий иш сапары менен барды. Мамлекет башчысын Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды. 28-29-июнга белгиленген сапардын алкагында Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзөт. Эки өлкөнүн президенттери кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселесин да талкуулашат.

Количество просмотров: 122