• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

«Кыргыз темир жолу» эл аралык поезд каттамдарын токтотту

17 Жалган куран 202011:40 Бишкек Govori.TV

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын эл аралык каттамдагы жүргүнчү ташыган поезддери коронавируска байланыштуу убактылуу ишин токтотту. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-марттан баштап, Бишкек – Москва, Бишкек – Казань, Бишкек – Новосибирск багыты боюнча каттаган поезддер ишин токтотот.

«Буга чейин билет алып койгон жүргүнчүлөргө акчасы толугу менен кайтарылып берилет. Бишкек — Мерке каттамы дагы Кайыңды станциясына чейин кыскартылды», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Кыргызстандагы Бишкек — Токмок, Бишкек — Кара-Балта ички каттамдары өзгөрүүсүз иштей берет.

Количество просмотров: 146