Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп Канатбек Абдыкеримов дайындалды.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, буга чейин аталган ишкананын башкы директору Алмазбек Ногойбаев ээлеген кызматынан бошотулган болчу.
Буга чейин азыркы жетекчи Канатбек Абдыкеримов аталган ишкананын темир жолдорду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын директору болуп эмгектенип келген.