• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Кыргыз темир жолу» ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

9 Чын куран 2021 20:08 Бишкек Govori.TV

Адранов Адылбек Укунович Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов 2021-жылдын 8-апрелинде кол койгон.

Адранов 1962-жылы 30-апрелде туулган. Үч баланын атасы. Жогорку билимдүү, кесиби боюнча инженер-механик.

2010-жылдан бери «Кыргыз темир жолу» ишканасында иштеп келет.

Белгилей кетсек, ишкананы буга чейин Василий Дашков жетектеп келген.

Булак: Кабар.

Количество просмотров: 387