• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргыз Википедиясында макалалардын саны 80 миңге жетти

17 Аяк оона 2020 18:07 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Википедиясында макалалардын саны 80 миңге жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев бүгүн, 17-сентябрдагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда мамлекеттик тилди санариптештирүү процесси өзгөчө маани бере турган багыттардын бири болууда.

«Бүгүнкү күндө»Mamtil Lingvo» мобилдик тиркемеси иштелип чыккан. Кыргыз Википедиясында макалалардын саны 80 миңге жетти. Анын санын жана сапатын арттыруу үчүн баарыбыз катышышыбыз керек. Учурда Google translate’ке 1 млн 300 миң фраза киргизилген. Анын сапатына салым кошууга катышуубуз керек», — деди Ишекеев.

Количество просмотров: 56