• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Кыргызалтындын» төрагасы 2 айга камалды

15 Бирдин айы 2021 15:39 Бишкек Govori.TV

Кармалган «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы У.Э.А. карата баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 13-февралында Биринчи май райондук соту «Кыргызалтындын» төрагасы У.Е.А. пара талап кылуу боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин карап, УКМКнын тергөө камак жайына эки айлык мөөнөткө 2021-жылдын 12-апрелине чейин камоо туралуу баш коргоо чарасы тандалды.

Тергөө иштеринде «Кыргызалтын» ААК башкармасынын төрагасы У.Е.А. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ай сайын алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүнүн эмгек акысынын 75% пайызын ага өткөрүп берүүнү талап кылганы аныкталды.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, У.Э.А. жана «Кыргызалтын» ААКнын башка кызмат адамдары тарабынан пара талап кылуу сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 107