• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кыргызча сүйлөй албаган төрага (видео)

5 Аяк оона 2018 15:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.09.2018. Govori.TV
Учурда кыргыз тилинде сүйлөө аткаминерлердин арасында чоң көйгөйгө айланды. Атап айтсак, кечээ 4-сентябрда, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинде (МТБМК), “Коопсуз шаар” долбоору боюнча аукцион болуп өттү.
Аталган мекеменин дээрлик бардык кызматкерлери кыргызча сүйлөй албагандай өңдөндү. Бул комитеттин төрагасы жана кызматкери сынактын жүрүшүн кыргызча баяндап бере алган жок.
Айласы кеткен журналисттер акыры  КР  МТБМК “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендердик комиссиянын төрагасы Кубаныч Шатемировдон, орусча маалыматты укканга мажбур болушту. Төрага сынактын шарттарын жана жыйынтыгы качан жана кандай жолдор менен белгилүү болорун айтты.
Акырында басма-сөз кызматынын милдетин аркалап жаткан Зирек Асанова кыргызча маалымат берүүгө аракет жасады.

Количество просмотров: 24