• Дүйшөмбү 8 Теке 2024
  • Понедельник 8 Июль 2024

Кыргызстага 122,3 миң тонна жер семирткич импорттолду

5 Теке 2024 16:18 Бишкек Govori.TV

Жыл башынан бери Кыргызстага 122,3 миң тонна жер семирткич импорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти минералдык жер семирткичтерди ташып келүүчү 9 жеке компаниянын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүдө жүрүшүндө дыйкандарды минералдык жер семирткичтер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу талкууланып, жыйынтыгында 6 жеке компаниялар меморандум түзүлүп, кол коюлду.

Белгилей кетсек, 2024-жылга карата дыйкандардын минералдык жер семирткичтерге болгон муктаждыгы — 286,7 миң тоннаны түзөт. Анын ичинен:

  • азоттук — 163,5 миң тонна;
  • фосфордук — 105,8 миң тонна;
  • калийдик — 17,2 миң тонна.

Буга байланыштуу 2024-жылдын 3-июлга карата азот – 81,4 миң тонна (камсыздоо 49,8 %), фосфордук – 10,5 миң тонна (38,8 %) жана калийдик – 2,0 миң тонна (11,8 %) ташылып келинди. Бардыгы болуп 122,3 миң тонна (42,7 %) түздү.

Дыйкандардын муктаждыгына жана сатып алуу жөндөмүнө жараша жыл сайын Кыргыз Республикасына минералдык жер семирткичтердин төмөнкү түрлөрү алынып келинет жана бүгүнкү күндөгү баалары:

  • азоттук жер семирткичтерден — аммиак селитрасы — 24,0 — 33,0 сом, карбамид — 32,0 — 40,0 сом;
  • фосфордук жер семирткичтерден — суперфосфат — 20,0-26,0 сом;
  • калийдик жер семирткичтерден — калий хлориди — 36,0 сом;
  • комплекстүү минералдык жер семирткичтерден — аммофос — 46,0-53,0 сом, диаммофоска — 45,0-55,0 сом,
  • нитроаммофоска — 42,0-50,0 сомдон сатылууда.

Ошондой эле жалбырак аркылуу азыктандыруучу органоминералдык жер семирткичтер да бар.

Количество просмотров: 121