Индия менен Пакистан бири-бирине чабуул коюп, эки өлкөнүн чек арасында куралдуу жаңжалдын башталышына Кыргызстан тынчсыздануусун билдирди. Расмий Бишкек Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчөлөрү болгон Индия менен Пакистандын ортосундагы куралдуу кагылышуу аймактагы жана дүйнөдөгү туруктуулукка коркунуч жаратарын эскертти.
Кыргызстан эки өлкөнү сабырдуу болуп, кырдаалды андан ары курчутуп жибериши мүмкүн болгон аракеттерден алыс болууга чакырды. Андан тышкары эл аралык укуктун нормаларын жана талаштарды жөнгө салууга багытталган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) резолюцияларын сактоо маанилүү экенин белгиледи.
“Кыргызстан ШКУнун мүчөсү катары уюмга мүчө Индия менен Пакистанды жоопкерчиликке чакырып, уюмдун уставында каралган талаштарды тынч жол менен жөнгө салуу принциптерине кайтууга үндөйт. Кыргызстан эл аралык коомчулуктун чыңалууну басаңдатууга багытталган аракеттерин колдойт жана бул багытта диалогго эл аралык аянтчаларда көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирет”, — деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин кайрылуусунда.
Буга улай эле президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы расмий баракчасынан билдирүү кылып, Индия менен Пакистанды маселени тынчтык жолу менен чечүү үчүн сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырды. Мамлекет башчы Кыргызстан туруктуулукту, коопсуздукту жана эл аралык укукту урматтоону жактай турганын кошумчалады.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргызстандыктарды абал турукташканга чейин бул өлкөлөргө барбай турууну сунуштады.