• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Кыргызстан менен Орусиянын вице-премьер-министрлери аба каттамдардын санын көбөйтүү маселесин сүйлөштү

22 Аяк оона 202016:52 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-отурумунда эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдардын санын көбөйтүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу отурумдан кийинки маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Ал 21-сентябрдан тарта Россия менен аба каттам жанданганын белгилеп өттү.

«Бүгүн ал аба каттамдардын санын акырындап көбөйтүү маселесин сүйлөштүк», — деди ал.

Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук эпидемиолгиялык кырдаал турукташканына жараша аба каттамдардын санын көбөйтүүгө болорун билдирди.

Количество просмотров: 55