• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстан менен Түркиянын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

1 Баш оона 2020 10:35 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен 31-июлда телефон аркылуу сүйлөшүп, эки өлкө ортосундагы кызматташуу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды.

Мамлекет башчылары коронавирус инфекциясын жайылтпоо боюнча биргелешкен чаралар жөнүндө сүйлөштү. Эрдоган кыргызстандыктарга жана Жээнбековго пандемияда каза болгон жарандарга байланыштуу көңүл айтты.

Ал Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) кийинки жыйыны Түркияда өтө турганын белгилеп, кыргыз президенти менен жакында жолугушуу ниети бар экенин билдирди.

Түркияда жүздөгөн кыргыз мигранттары эмгектенет. Жакында эле Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев төрт мамлекет менен 1-августтан тарта туруктуу негизде аба каттамдарды уюштуруу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын маалымдаган. Ал төрт мамлекет — Түркия, Орусия, Казакстан жана Араб Эмираттары.

Кыргызстан эл аралык туруктуу авиакаттамдарды март айында башталган эпидемияга байланыштуу убактылуу токтоткон.

Количество просмотров: 70