• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстан менен Венгриянын президенттери жолугушту

13 Бирдин айы 2023 16:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-февралда, Будапешт шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Венгриянын президенти Каталин Новак менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Атчан гусарлардын коштоосунда мамлекет башчысынын кортежи Лайош Кошут аянтына келип, ал жактан аны Венгриянын президенти Каталин Новак тосуп алды.

Ардак кароолдун саламдашуусунан кийин, аскердик оркестрдин аткаруусундагы «Ракоци маршынын» жаңыруусу менен президенттер Будапешт шаарынын гарнизонунун туусунун жанына токтошту.

Оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды. Садыр Жапаров жана Каталин Новак Венгриянын туусу менен гербине таазим этип, өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырып өттү.

Азем гарнизондун өздүк курамынын, атчан гусарлардын, аскердик оркестрдин салтанаттуу маршы менен аяктады.

Количество просмотров: 57