• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери жолугушту

6 Баш оона 2021 17:21 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-августта, Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуунун алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Эки өлкө ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери жана соода-экономикалык, энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетүү маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров эки боордош өлкөнүн дээрлик бардык тармактарын ичине камтыган кызматташтыгынын салттуу түрдөгү жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеп, көп кырдуу өз ара пайдалуу кызматташууну тереңдетүү, ошондой эле ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо эки элдин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берерин айтты.

Президенттин айтымында, жетишилген конкреттүү макулдашуулардын жыйынтыктары өлкөлөрдүн саясий эркин жана өзгөргүс позициясын билдирип турат. Мындан сырткары, соода-экономикалык кызматташуу боюнча жакынкы жылдарда соода көлөмүн эки миллиард АКШ долларына чыгаруу милдети коюлган.

Өз кезегинде Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев эки тарап тең кызыкдар болгон бардык актуалдуу багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан жетишилген бардык макулдашуулар биргелешкен аракеттер менен ишке ашырыларына өз ишенимдерин билдиришти.

Количество просмотров: 265