• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Кыргызстан Ооганстандан качкындарды кабыл ала алат

16 Баш оона 2021 15:19 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Ооганстандан 1200 качкынды кабыл ала алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин качкындар жана кайрылмандар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова билдирди.

Анын айтымында, Ооганстандагы кырдаалдан улам Кыргызстанга «качкын» макамын сурап кайрылгандар боло элек.

«Тажикстан менен чек ара ачылса Кыргызстанга да Ооганстандан качкындар өтүп келиши толук мүмкүн. Учурда Ооганстандын 73 жаранына «качкын» макамы берилген, дагы 67 ооганстандыктын башпаанек сураган өтүнүчү каралууда. Башпаанек берүү өтүнүчү жарым жылга чейинки аралыкта каралат. Мен так айта албайм, бирок 1200гө жакын качкынды кабыл ала алабыз»,-деп билдирген ал.

Количество просмотров: 556