Бишкек.11.10.2018.Govori.TV.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда учурда 1184 дипломатиялык жана 710 кызматтык паспорт пайдаланылат. Алардын 647 дипломатиялык жана 161 кызматтык документи ТИМдин борбордук аппаратынын, элчиликтердин, консулдуктардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө берилген.
ТИМ билдиргендей, калган документтер өкмөттүн атайын токтомунда ылайык, башка мамлекеттик органдарынын кызматкерлерине берилген. Аталган министрликтин мыйзамдарына ылайык паспортторду пайдалануунун эрежелерин сактабаган адамдар мыйзамдык жоопкерчиликке тартылат.