• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргызстанда чет өлкөлөрдөгү бош орундар жарманкеси өтөт

4 Бештин айы 2023 11:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда «Коопсуз миграция кербенин – чет өлкөдө бош орундар жарманкеси» иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма соз кызматынан билдиришти.

Жарманке Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Winrock International тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбордук Азиядагы коопсуз миграция» USAID долбоору менен биргеликте уюштурулууда.

«Бош орундар жарманкеси чет өлкөдө иштөөнү каалаган жарандар үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. 20дан ашык жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери катышат, алар кызмат көрсөтүү, тейлөө, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактарда 2000ден ашык бош орундарды сунуштайт», — деп айтылат маалыматта.

Жарманке:

4-декабрда Баткенде (БатМУ);
5-декабрда Жалал-Абадда (ЖАМУ);
6-декабрда Ошто (ОшТУ);
12-декабрда Нарында (НарМУ);
13-декабрда Караколдо (ЫМУ);
14-декабрда Бишкекте (КУУ) өтөт.

Количество просмотров: 51