• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Кыргызстанда COVID-19 илдети 1120 жаш баладан табылды

2 Аяк оона 202014:38 Бишкек Govori.TV

Август айындагы статистикага ылайык, Кыргызстанда COVID-19 илдети 1120 баладан табылды.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 2-сентябрдагы маалыматына караганда, алардын 117си бир жашка чейинки наристелер. 354ү бир жаштан 5 жашка чейинки балдар. 6-14 жашка чейинкилер 649 баланы түзгөн.

Буга чейин Санжарбек Данияров атындагы Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик медициналык институттун педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова Кыргызстанда балдар арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемалык сезгенүү учурлары кездешип жатканын билдирген. Дартты аныктоо жана дарылоо аракети протоколго киргенин айткан.

Количество просмотров: 46