Бүгүн, 11-июлга карата Кыргызстанда дагы 552 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 9910 адамга жетти.
Жаңы катталган бейтаптар:
Бишкек шаарында – 314;
Чүй облусунда — 124;
Ош шаарында — 24;
Ош олусунда — 13;
Жалал-Абад облусунда — 26;
Баткен облусунда — 28;
Ысык-Көл облусунда — 6;
Нарын облусунда — 17.