• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстанда дары-дармекке болгон муктаждык жок

30 Теке 2020 21:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дары-дармекке болгон муктаждык жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармектер жана медициналык шаймандар департаменти билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга жалпы 14 миллирад 300 миллион 646 миң 148 сом өлчөмүндөгү дары-дармек жана медициналык шаймандар алынып келинген. Анын 2,1 миллиарды коронавирус илдетин дарылоого сарпталат.

Департамент белгилегендей, мамлекеттик органдардын, фармацевттик компаниялардын, жеке жана эл аралык уюмдардын, ыктыярчылардын жана активисттердин күч-аракеттеринин биригүүсүнүн натыйжасында дары-дармек каражаттары медициналык мекемелердин жана дарыкана тармактарынын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн керектүү көлөмдө алынып келинген. Ошол эле учурда, дары-дармектер менен медициналык шаймандарды өлкөдө өндүрүү көбөйтүлүп жатат.

«Бишкек шаарында коронавирус илдетин дарылоочу дары-дармектердин муктаждыгы жок. Дарыкана түйүндөрүндө антиагреганттар (ацетилсалицил кислотасы), антикоагулянттар (гепарин, эноксапарин, нандропарин) жана антибиотиктер (азитромицин, цефтриаксон, левофлоксацин жана башкалар) жетиштүү көлөмдө толукталды. Региондорду дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул дары-дармектердин ири көлөмүн август айынын аягына чейин жеткирүү пландалууда», — деп берилет маалыматта.

Количество просмотров: 54