• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыргызстанда Коргоо министрлиги кайрадан түзүлөт

1 Бирдин айы 2021 17:16 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жазылат.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын мындан ары өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүн жана 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

— Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын базасында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин түзүү максатка ылайык деп эсептелсин;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды кабыл алуу сунушталсын.

Толугу менен Жарлык тууралуу бул жерден таанышууга болот.

Количество просмотров: 264