• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Кыргызстанда коронавирустан 80 жаштагы дагы бир бейтап көз жумду

5 Чын куран 202014:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирустан 80 жаштагы дагы бир бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

«Улгайган адам коронавирусту чет өлкөдөн жуктуруп келип, дарыланып жаткан. Абалы оорлоп, жүрөгү кармап каза болгон», — деп айтылат маалыматта.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алып каза тапкан кыргызстандыктардын саны экиге жетти. 2-апрель күнү ушул эле Ноокаттын ооруканасында COVID-19 аныкталган 61 жаштагы бейтап көз жумган. Анын кант диабети оорусу бар экени айтылган болчу.

Количество просмотров: 600