• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргызстанда коронавирустан дагы 2 адам каза болду

15 Бугу 2020 10:16 Бишкек Govori.TV

COVID-19 вирусунан Нарын облусунун ооруканасында 84 жаштагы аял киши каза болду. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Каза болгон жаран Нарын облустук ооруканасында каза болду. Ал 84 жашта болгон. Анын мындан башка дагы оорулары бар болгон. Кечээ, 14-майда анын сөөгү санитардык талаптарды аткаруу менен жерге берилди», — деди ал.

Анын айтымында, COVID-19 оорусунан Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында дагы 55 жаштагы эркек киши көз жумду.

«Маркум бүгүн, 15-майда каза болду. Ал 55 жаштагы эркек киши. Маркумдун өнөкөт оорулары дагы бар болгон», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 242